Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттеринин арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдеш спорттун аркан тартыш, кросс жана футбол түрлөрү боюнча уюштурулуп, ага жалпы 6 команда катышкан. Мелдештин жыйынтыгында аркан тартыш боюнча “Бүркүт” командасы, кросс боюнча биринчи орунга Туратбек кызы Айгерим, эркектер арасында Ажыканов Талгар ээ болду. Футбол боюнча «Ынтымак» командасы биринчи орунга ээ болуп, жеңүүчүлөр диплом жана чакан белектер менен сыйланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *