2023-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бишкек шаарынын жана областтык Сот приставдар кызматынын 23 кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктап сертификаттарга ээ болушту.

Аталган кызматкерлер бир жумада атайын иштетилип чыккан жана бекитилген окуу программалары боюнча тематикалык курстарды, саптык жана дене тарбия даярдыгынан өтүштү.

Квалификациясын жогорулатуу курсу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ортосунда сот приставдарын кесиптик жана атайын даярдоо жаатында эки тараптуу кызматташуу жөнүндө түзүлгөн Меморандумга ылайык өткөрүлдү.

Окуу аягында сот приставдар сынак тапшырып, тастыктамаларга ээ болушту.

Тастыктаманы КРнын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова тапшырып, угуучуларга кызматтагы ийгиликтреди каалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *