Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери санариптештирүү алкагында ИИМдин бөлүмдөрүн акыркы үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштери менен таанышууда.

Өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборунда болушуп, ИИМдин массалык маалымат каражаттар жана коомчулук менен иш алып баруу боюнча пресс-студия борбору менен да таанышышты. ИИМдин Академиясынын кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, алдын алуу боюнча жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө кенен маалымат берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *