2024-жылдын 16-январында ИИМдин Академиясында дене тарбияга даярдык жана самбонун күжүрмөн бөлүгү окуу курсун ийгиликтүү аяктаган курсанттар тастыктамаларга ээ болушту.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өздүк курамынын дене тарбия жана самбонун күжүрмөн бөлүгү боюнча Насааттамасын бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде, 2023-жылдын 11-декабрынан 21-декабрына чейин бүтүрүүчү курстун курсантттарына Дене тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучулары бекитилген программанын негизинде атайын окуу курсун өткөрдү. Соңунда курсанттар сынак тапшырып,  ийгиликтүү өткөндөр тастыктамага ээ болушту.

ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова тастыктамаларды тапшырып жатып, курсанттарга өткөрүлгөн курс, кызмат өтөөдө пайдасы чоң экенин баса белгилеп, алдыда турган мамлекеттик практиканы жана сынактарды ийгиликтүү тапшырып алууну каалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *