20-ноябрда Эл аралык студенттер күнүнө карата ИИМдин Академиясынын Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин 1-курсунун студенттери “Салам студент” майрамдык концертин тартуулашты.

Студенттер өздөрүнүн алгачкы тушоо кесүү концертинде ыр, бийлерди аткаруу менен көрүүчүлөрдүн маанайларын көтөрүштү.

Келечектеги юрист адистерин ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов куттуктады.

“Урматтуу студенттер, сиздерди Эл аралык студенттер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Студенттик кез – бул жашоонун эң сонун мезгили,  бул — өмүрдүн жазы, иштесең ишке, ырдасаң ырга тойбой турган керемет учур! Ошондой эле бул жашоонун сиздерге берген бардык мүмкүнчүлүктөрүн  туура пайдаланып, туура багытка буруп, андан баарын алышыңыздарга тилектешмин. Өтүп жаткан жылдар сиздердин эсиңиздерде кубанычтуу жана позитивдүү таасирлердин өчпөс изин калтырсын!”-деген каалоо тилектерин айтты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *