11-декабрда залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова менен жолугушуу уюштурулуп, өткөрүлдү.

Жолугушууга окуу жайдын жетекчилиги, кызматкерлери жана курсанттары катышышты.

Алгач Роза Айтматова “Айтматовго таазим” бурчунда болуп андан соң Академиянын музейи менен таанышып, ардак китепте өзүнүн каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Андан соң кичи жыйындар залында жолугушуу улантылды.

Иш-чараны ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов баштап,

“Бүгүн залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата, дүйнө тааныган инсанды эскерүү кечесине келип бергениңиз үчүн сизге терең ыраазычылык билдирем.

Айтматовдун 95 жылдыгы – бул улуу жазуучунун жаркын элесине арналган маараке гана эмес, бул элдин рухунун, улуттун ар-намысынын жана патриоттук сезиминин чыныгы салтанаты. Бул биздин жалпы майрамыбыз!

Элибиз Чыңгыз Айтматовдун куттуу жаркын элесине терең урмат-сыйын билдирип, анын мааракесин өлкөнүн дээрлик бардык булуң-бурчтарында белгилөөдө.

Ошондой эле Айтматовду аздектеген дүйнө эли да бул күнгө карата иш-чараларды өткөрүп жатышат. Чынгыз Төрөкуловичти сыйлоо ушуну менен эле чектелбейт. Бул жылдан жылга улана берет. Ак мөңгүлүү Ала-Тообуз менен кыргыздын руху жүрөгүбүздө жашап турганда, Чынгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет! Чынгыз Төрөкуловичтин элеси эч качан өчпөйт!”- деди.

Ал эми Роза Айтматова ИИМдин Академиясына келип турганына кубанып жатканын, келечектеги милиция кызматкерлери үчүн мындай маданий иш-чаранын таасири абдан зор экенин айтты. Ал, отургандарга агасынын бала кезинен, атактуу инсан болгонго чейин басып өткөн жолун, ийгиликтерин, кыйынчылыктарын, тоскоолдуктарын айтып берди. Баарлашуу учурунда Чынгыз Айтматовдун тарбиятка болгон жакындыгын, айрым чыгармаларынын жаралышынын себептерин жана өзү да жазуучулукка кантип келип калганы тууралуу айтып отурду.

Ошондой эле кызматкерлердин жана курсанттардын суроолоруна жооп берип жатты.

Ал эми курсанттар залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү айтышты.

Жолугушуунун соңунда ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов гүлдесте жана белектерди тапшырып, дагы бир ирээт ыраазычылык билдирип, дагы да бизге кадырлуу коногубуз болуп келип туруңуз деген тилектерин айтты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *