6-декабрда ИИМдин Академиясынын акы төлөө негизиде күндүзгү билим берүү факультетинин 4-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жетелектердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна барышты.
Иш-чаранын максаты “Криминология” сабагы боюнча теориялык материалдарды бекемдөө, билим сапатын жогорулатуу.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/12/image-50.png)
Студенттерге “Балдар арасындагы кылмыштуулуктун криминологиялык мүнөздөмөсү жана алдын алуу жолдору” темасына тажрыйбалык сабак өтүлдү.