2023-жылдын 11-декабрында ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасынын демилгеси менен Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин бүтүрүүчү курсунун курсанттарына ИИМдин Тергөө кызматында автоматташтырылган маалыматтык издөө тутуму “Таза тергөө” темасында практикалык сабак уюштурулду.

Сабакты Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Аманкулов, ушул эле кызматтын бөлүм башчысы милициянын полковниги Азамат Дүйшөналиев, ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасынын башчысы милициянын полковниги Жыргалбек Айдарбеков өткөрдү.

Курсанттар, “Таза тергөө” программасы аркылуу тергөөчүгө керектүү эксперт-криминалисттик жана технологиялык маалымат кызматтарынын электрондук иш кагаздарынын ыкчам кат алмашуусун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууну, өндүрүштөн токтотулган кылмыш иштерин, эксперт-криминалисттик корутундуларды, кылмыш иштердин алкагында алынган буюм далил заттарды эсепке алуу жана алардын сакталышын, архивде турган кылмыш иштери боюнча маалыматтарды жайгаштыруу жана пайдалануу аракеттерин иш жүзүндө аткарылуусун үйрөнүп келишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *