Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин факультеттер аралык кафедрасынын 3-курсунун студенттерине 2023-2024-окуу жылдын иш планын негизинде, тарбиялык иш чаралар уюштурулуп өткөрүлүүдө.

20-сентябрда Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматына барышып, аталган кызматтын иштери  менен жакындан таанышып келишти.

21-сентябрда “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо” темасында кенен маалымат алуу үчүн Ош ОИИБдин ЖКККБнын улук тескөөчү милициянын капитаны Азизбек Ибрагимов менен конок-лекция уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *