9-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактыктык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана 15-февраль Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата ИИМдин Академиясында  Ооган согушунун ардагерлери Т. Сонунбеков, Р. Баястанов жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Т. Илимгазиев менен курсанттардын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда ардагерлер согуш талаасындагы баатырларча курман болгон мекендештерибизди эскерүү менен бирге, согуш убагындагы коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурундагы кыйынчылыктар жана кызыктуу окуялар менен бөлүшүп, курсанттарды атуулдукка, Мекенди сүйүүгө үндөп, алардын берген суроолорунан улам, ордендери менен медалдарынын таржымалдарына да токтолушуп, согуштун каардуу учурларын эскерип өтүштү.

Курсанттардын  Мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга, атуулдук милдетин так аткарууга багыттоо максатында окуу жайдын Тарбия бөлүмчөсүнүн жана Ардагерлер кеңешинин демилгеси менен уюштурулган жолугушуу жогорку деӊгээлде өтүп, жаштарга  үгүт, насаат катары пайдалуу болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *