Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, өсүп келе жаткан жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо, Ата Мекенди коргоого тартуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Аскердик жана атайын тактикалык даярдык кафедрасы тарабынан Кыргыз –Казак университетинин колледжинин окуучуларына окуу жайдын ок атуучу жайында практикалык сабак уюштурулду. Анда окуучуларга ок атуучу куралдардын түрлөрү көрсөтүлүп, электрондук тирде Макаров тапанчасынан ок атуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *