2023-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтында Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин сапка тизилүүсү болуп өттү.

Анда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов  2024-жыл Жаңы жыл майрамына карата,  жана өтүп бара жаткан жылда көрсөткөн окуудагы ийгиликтери, коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыктары, спорттогу жетишкендиктери жана коомдук тартипти сактоодо үлгүлүү кызмат өтөгөндүктөрү үчүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын “Билим, Мыйзам, Намыс.” төш белгиси, Ардак грамота жана Алкыш менен сыйлады.

Сыйлыктарды тапшырган соң, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов курсанттарга: “Өтүп бара жаткан жыл биздин окуу жай үчүн жемиштүү болду. Курсанттарыбыз илим-билим сынактарында, маданий иш-чараларда, спорттук мелдештерде дайыма баш байгени же байгелүү орундарды ээлеп, кур келишкен жок. Бишкек шаарында өткөн мамлекеттик иш-чараларда коомдук тартипти сактоодо үлгү боло алышты. Муну менен силер Академиянын аброюн көтөрүүгө өз салымыңарды коштуңар. Мындан ары да активдүүлүгүңөрдү жогорулатып, берген антыңарды ыйык сактап, элге татыктуу кызмат өтөөдө өбөлгө болчу билимиңерди дагы да тереңдетип, бийиктиктерди багынта бергиле!”- деген аруу тилектерин айтты.

Иш-чара курсанттардын саптык жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *