2023-жылдын 27-ноябрында ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов дүйшөмбү күнкү таңкы тизилүү учурунда 3-курстун 34-взводунун курсанттары Жолдошбек уулу Ислам жана Бектур Эркиновго өздүк курам алдында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин “Ыраазычылык катын” салтанаттуу түрдө тапшырды.

Эске салсак, 2023-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары КМШ мамлекетинин президенттеринин саммитине байлыныштуу  тартипти көзөмөлгө алып турган кезде Зулайка Борбашева аттуу жаран ден соолугуна байланыштуу жардам сураган.

Курсанттар тез жардамга чалганда “Жолдогу тыгындардан кечигип калабыз жакынкы ооруканага жеткире калыңыздар”- деген соң дароо  өздөрүнүн автоунаасы менен Бишкек шаардык №1 ооруканага жеткизип, дарыгерлерге тапшырып беришкен.

Мына ошондо курсанттардын көрсөткөн ыкчам жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн “Ыраазычылык катын” жолдогон.

“Сиздин кайдыгер эмес камкор мамилеңиз, оорулуу адамга көрсөткөн жардамыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздин жоопкерчилигиңизди жогору баалайбыз. Сизге жана Сиздин жакындарыңызга чын ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана жашооңузга көптөгөн ийгиликтерди каалайм” –деп жазылган ыраазычылык катынды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *