3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 30 жылдык мааракесине карата ИИМдин Академиясында майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чара гимндин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов катышуучуларды майрамы менен куттуктап, кыргыз эли тээ байыртадан бери эле өз туусуна ээ болуп, тууга өзгөчө маани берип, маанилүү символ катары көздүн карегиндей сактап келгенин жана туу – көз карандысыздыктын, мамлекетке болгон сүйүүнүн символу экенин белгилеп, Кыргызстандын желегин дүйнө-жүзүнө желбиреткен уул-кыздардын көп болушун каалады. Андан соң, Мамлекеттик туунун тарыхы, түсү жана белгилеринин мааниси жөнүндө кыскача баяндама окулду. Иш-чаранын соңунда Кыргызстандын ЖОЖдор арасында “Ден-соолук – 2022” спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып,иш-чара ИИМдин Академиясынын өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *