2022-жылдын 12-декабрынан 23-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы факультеттер аралык кафедрасында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын ИИОнун КККнын лицензия-уруксат берүү иштери боюнча улук инспекторлору жана инспекторлору квалификациясын жогорулатуу борборунун курсун аякташып, тастыктамаларга ээ болушту.
Аталган факультетте Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын ИИОнун кызматкерлери сырттан окуу формасында негизги жумушунан үзгүлтүксүз онлайн режиминде билим алышат. Билим алгандардын арасында башка укук коргоо органдарынын, прокуратура, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин кызматкерлери да бар.