30-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын адеп-ахлактык-руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана келе жаткан 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата салтка айланып калган “Кырк чоро” аскердик-спорттук мелдеши өткөрүлдү. Аталган иш-чара курсанттарды, студенттерди  бийик адеп-ахлактык жана чың дене тарбиялык жактан өнүктүрүү, атуулдук улутмандык,  ар-намыстуулук сапатын жогорулатуу максатында уюштурлган.  

Аскердик-спорттук мелдешти Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов ачып жатып, кылымдарды карыткан кыргыз эли – эзелтен жоокерчиликти, намысты туу туткан эл, ошол байыркы бабаларыбыздын улуу салттарын татыктуу  улантуучулар бул биздин жаш муундар экенин белгилеп,  Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элесин унутпастан, ар дайым элибизди, мамлекетибизди, улуттук кызыкчылыктарды коргогонго даяр болууга чакырды.

Сынак 3 этаптан туруп, 1-турда командалар аралыкка чуркоо менен бутага таамай атуу боюнча ат салышса, экинчи турунда жарадар болгон адамга тез жардам көрсөтүү, Калашников автоматын (АК-47) толук эмес чачуу жана кайра чогултуу боюнча күч сынашты.

Сынактын 3-турунда эки жамааттын күч сынашуу оюну болгон аркан тартыш боюнча командалар   күчтөрүн  сынап көрүштү.  

Үч турдун жыйынтыгы менен биринчи орунга 1-курстун курама командасы озуп чыгып, экинчи орунга 3-курстун курама командасы ээ болду. Ал эми үчүнчү орун контрактык негизде билим алган 1-курстун курама командасына ыйгарылды.

Жеңишке жеткен командалар диплом жана кубоктор менен сыйланышып, жеке эсепте жеңишке ээ болгон курсанттарга жана студенттерге грамоталар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *