Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 112 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Р. Шүкүров атындагы №38 гимназия-мектебинин жана Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин окуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы тууралуу лекцияларды уюштуруп, өткөрдү.

            Лекциянын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алуу тарыхы, мамлекетибиздин  Конституциялык түзүлүшү, башкаруу формасы тууралуу маалымат берилип,  Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын духун жана маанисин жакшы билиши керектиги, Конституцияны урматтоо, сактоо жана анын маанисин түшүнүү менен гана өлкөнүн өнүгүшүнө, коомдук ынтымакка, тынчтыкка жана бейпилдикке жете ала турганы тууралуу айтылды.  Жолугушуу эркин форматта өтүп, окуучулар тарабынан КР Конституциясы  боюнча түрдүү суроолор берилди. Жолугушуунун соңунда аталган окуу мекемелеринин администрациясы ИИМдин Академиясына өткөргөн иш-чара үчүн тереӊ ыраазычылыгын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *