Иш-чарага ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, башчынын орун басарлары, ИИМдин Академиясынын ардагерлери, Ооган согушунун ардагерлери, курсанттар жана өздүк курам катышты.

Милициянын полковниги Азамат Ногойбаев куттуктоо сөзүндө мекенди коргоо – ар бир атуулдун ыйык милдети экенин белгилеп, кызматкерлерге, курсанттарга жана ардагерлерге бекем ден соолук, тынчтык жана кызматтык ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында ИИМдин ардагерлери жана Ооган согушунун ардагерлери сөз сүйлөп, жаш муундар менен өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар мекенге ак ниет кызмат өтөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, патриоттук сезим, күчтүү эрк жана жоопкерчилик менен кызмат кылууну айтышты.

Мындан сырткары, Академиянын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев курсанттарды Ардак грамота, Алкыш баракчалары менен сыйлап, алардын ата-энелерине ыраазычылык каттарын тапшырды.