Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык юридикалык билим берүү программасы боюнча укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Окутуу күндүзгү окутуу формасы боюнча бюджеттик жана контрактык негизде жүргүзүлөт.
Күндүзгү окутуу формасы боюнча бюджеттик негизде “Укук коргоо ишмердүүлүгү” багыты боюнча, контракттык негизде “Юриспруденция” багыты боюнча билим берилет. Контракттын баасы 30500 (отуз миң беш жүз) сом. Окуунун мөөнөтү 4 жыл (бакалавр).
Күндүзгү окутуу формасы боюнча бюджеттик негизде төмөнкү абитуриенттер кабыл алынат:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны, жалпы орто жана кесиптик орто билимдүү 17 жаштан 25 жашка чейинки эркектер – бою 170 см. кем эмес:
  • алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер – бою 168 см. кем эмес;
  • 2023-жылдын 1-июлуна карата 18 жашка чыга электер – бою 168 см. кем эмес;
  • алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер – бою 166 см. кем эмес;
  1. Кыз-келиндер (эреже катары, жалпы кабыл алуунун 10% кем эмес, Бишкек шаарында жашаган жери бар) 17 жаштан 25 жашка чейин, бою 165 см. кем эмес;
  • алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер – бою 163 см. кем эмес;
  • 18 жашка жетпегендер (2023-жылдын 1-июлуна карата) – бою 163 см. кем эмес;
  • алардын ичинен спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер – 161 см. кем эмес.
    ИИМдин Академиясына кабыл алуу, бюджеттик негизде окутууга Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары жана дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруусу талап кылынат.
    Ал эми контракттык негизде Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
    Бюджеттик негизде окууга тапшыруу үчүн абитуриенттер өздүк документтерин даярдоо жана ИИМдин Академиясына жөнөтүү үчүн катталган жери боюнча милициянын райондук, облустук ички иштер органдарына жана ИИМдин Академиясына кайрылышы зарыл.
    Контракттык негизде окууга тапшыруу үчүн керектүү документтерди КР ИИМдин Академиясы кабыл алат.
    Бюджеттик негизде окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:
  1. Арыз;
  2. Өмүр баяны 2 даана (кол жазма менен жазылган, компьютерде басылган);
  3. Анкета;
  4. Өмүр баян рефераты;
  5. Окуган жеринен мүнөздөмөсү;
  6. Сунуш кат – 3 даана;
  7. Аттестат же атайын орто окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу диплом;
  8. Паспорттун көчүрмөсү (сүрөт чапталган жана каттоо коюлган бет);
  9. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  10. Жашаган жеринен берилген справка;
  11. Милициянын участкалык уполномоченныйынан, кылмыш иликтөө бөлүмүнөн справка;
  12. Сүрөт 9х12 (1 даана), сүрөт 3х4 (4 даана);
  13. Аскер-врачтык комиссиясынын корутундусу.
    Контрактык негизде окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:
  14. Арыз;
  15. Өмүр баян 2 нускада (колго жазылган жана компьютерге басылган);
  16. Анкета;
  17. Акыркы жумуш ордунан (кызматынан) же окуусунан кызматтык мүнөздөмө;
  18. №086 формадагы медициналык маалымдама;
  19. Паспорттун көчүрмөсү;
  20. 9×12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  21. Аттестат же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом.

Сурап билүү телефондору:
(0312) 63-14-19, 63-14-31, 63-54-54
0999102069, 0705529881

Маалыматты academy-mvd.kg сайттынан жана фейсбук, инстаграмдагы (academiya_mvd_kr_official) расмий баракчаларынан алсаңыздар болот
Керектүү документтер 2023-жылдын 1-июлуна чейин кабыл алынат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *