2022-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери “Үмүт-Надежда” реабилитациялык балдар үйүнө жана Красная Речка айылында жайгашкан балдар мектеп – интернатына барышты.

ИИМдин Академиясынын жалпы жамаатынын жана билим алуучуларынын атынан тарбиялануучуларга кийим-кечектер, тамак-аш,  жуунуучу каражаттар жана татту белектер берилип, акчалай да жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле Академиянын курсанттары менен студенттери бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулоо максатында концерттик программа жана жомоктордон үзүндү коюп беришип, кичинекей достордун көңүлдөрүн ачып, чогуу ырдап, бийлешти.

Майрам күнү, аз да болсо кубаныч тартуулаган Академиянын өздүк курамына мекеменин жамааты жана кичинекей достор ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *