Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган  мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып келүүдө.

Быйыл да, 9-май күнү , таң эрте Бишкек гарнизонунун аскерлеринин катарында ИИМдин Академиясынын курсанттарынан турган эки ротасы согуш жылдарындагы ырларды аткаруу менен Чүй проспектиси боюнча (Т.Молдо көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин) өтүп, Жеңиш аянтына келишип,  ал жерде митинг-реквиемден кийин салтанаттуу жүрүшкө катышышты.

Андан соң, Жеңиш аянтында уюштурулган “Жеңиш вальсы” акциясында Бишкек шаарындагы окуу жайлардын студенттери жана окуучулары менен биргеликте ИИМдин Академиясынын кырктан  ашуун  курсанттары да вальс бийин бийлешти.   

Бардык  майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого  ИИМдин Академиясынын кызматкерлери  да катышууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *