Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайларынын 75 студентине Президенттик стипендия тапшырды.

Мыктылардын катарында Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын курсанттары Залкарбек кызы Асель, Маликова Айсанат Мирлановна, Тилебалдыева Бермет Асадбековна бар.

Стипендия алууга ИИМдин Академиясынын 5 курсанттынын жана 2 студентинин жетишкендиктери боюнча документтер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 3 курсант Президенттин стипендиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Курсанттар Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Биздин билим берүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу ишмердүүлүктү камтыган комплекстүү иш-чаралары ишке ашырылат. Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат” – деп белилеп өттү.

Президенттик стипендия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунан 4 500 000 сом бөлүнгөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *