2023-жылдын 18-октябрынан 20-октябрына чейин Россиянын Алтай аймагынын Барнаул шаарында Алтай мамлекеттик университетинин, «Чоң Алтай» алтаистика жана түркология илим-билим берүү борбору уюштурган “Тарыхтагы жана азыркы замандагы славян жана түрк элдеринин биримдиги” форуму болуп өттү.            

Форумдун максаты – түрк цивилизациясынын тарыхын заманбап илимий изилдөөлөр жаатында эл аралык түрк коомчулугунун талкуусун улантуу, анын талаштуу аспектилери боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгуу жана билим берүү, илим, маданият жана жалпысынан евразиялык мейкиндикте гуманитардык кызматташтык.           

Аталган форумда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын окутуучусу, милициянын улук лейтенанты Алымбек уулу Медетбек “Эгемендүү түрк элдеринин мыйзам чыгаруу системасынын өзгөчөлүктөрү” деген темада илимий баяндама жасады.            

Бул форумга Кыргыз Республикасынын коомдук ишмерлери Сүйүнбек Касмамбетов, Бекболсун Бөрүбашев, Канат Садыков, ошондой эле Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуучулары катышышты.           

III Эл аралык Алтай форумунун катышуучулары айтылган теманын алкагында учурдагы күн тартибин талкуулоо менен гана чектелбестен, 2024-2025-жылдарга карата келечектүү изилдөө программаларын иштеп чыгуу боюнча стратегиялык сессияларды өткөрүү тапшырмаларын белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *