1-сентябрь – Билим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтында, ардагерлердин катышуусунда майрамдык иш-чара  өткөрүлдү.  

Быйыл ИИМдин Академиясынын катарын 109 курсант жана 119 студент толуктады.

Башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов жана ардагерлер өздүк жана өзгөрүлмө курамды окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуудагы жана кызматтагы ийгиликтерди каалашты.

Иш-чара саптык жүрүш менен аяктады.

Андан соң ардагерлер курсанттар жана студенттер менен кезигип, ачык сааттар өткөрүлдү.

Ардагерлер, милицияда кызмат өтөөнүн жоопкерчиликтерин, милдеттерин ошондой эле өздөрүнүн басып өткөн жолдорун, кызматтагы жетишкендиктери, кыйынчылыктары жөнүндө айтып, келечек муунга акы-насааттарын, кеп-кеңештерин берип өтүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *