🟢Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылынын жана Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында жарыялаган «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө ылайык 1-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында көрктөндүрүү иш-чарасы болуп өттү.

🟢Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, генералдар Феликс Кулов, Бексултан Ишимов, Тилек Асаналиев, Абдыкапар Мавлянов, Алымбай Султанов, Шейшенбек Байзаков, Бактыбек Алымбеков, Осмонали Гуронов, Мирлан Каниметов, Алмаз Орозалиев окуу жайдын өздүк курамы, курсанттар жана студенттер катышты.

🟢Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын генерал-майору Тариель Абитов кыргыздын адеп-ахлактык баалуулуктарынын түпкүлүгүндө жаратылышты сыйлоо турарын белгилеп, бүгүнкү күндө акциянын ар бир катышуучусу өлкөнүн уникалдуу жаратылышын сактоого олуттуу салымын кошконун белгиледи

Андан соң, келген генералдар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар аллеясына Тянь-Шань карагайын отургузушуп, окуу жайдын өздүк курамы мөмөлүү бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.

🟢Аталган Аллея 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын мурдагы начальниги отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимовдун демилгеси менен ачылган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *