2023-жылдын 23-24-мартында Кыргыз Републикасынын ИИМдин Академиясында Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата кармашып урушуунун “Коргонуу” бөлүгү боюнча Эл аралык турнир болуп өттү.

Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Ички аскерлеринин, АБПнын, Республикалык окуу борборунун, Ош ОИИБнын, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жана ИИМдин Академиясынын командалары катышты.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын генерал-майору Т. Абитов, КМДТжС академиясынын ректору, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С. Азизбаев, эл аралык жана Азиянын кармашып урушуу Федерациясынын президиумунун мүчөсү, кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын  аскердик кармашып урушуу боюнча Федерациясынын президенти Н. Байкулов, Кыргыз Республикасынын  аскердик кармашып урушуу боюнча Федерациясынын вице-президенти, кара кур 1-дан, КР ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги А. Джоробекова, Кыргыз Республикасынын спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору Р. Токомбаев, Кыргыз Республикасынын   кармашып урушуу боюнча спорттун чебери, Кыргыз Республикасынын аскердик кармашып урушуу Федерациясынын башкы машыктыруучусу   Н. Усманов катышты.

КР ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын генерал-майору Тариель Абитов чемпионаттын катышуучуларына калыс күрөштү каалап, мындай мелдештерди өткөрүү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин даярдыгынын жогорку деңгээлин көрсөтөрүн белгиледи.

Турнирдин жыйынтыгында,  жалпы командалык эсеп менен 1 – орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курама командасы 2 – орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин “Шер” отрядынын курама командасы, 3 – орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун курама командасы ээледи.

Жеңүүчүлөр медаль, грамота жана чакан белектер менен сыйланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *