7-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын жетекчилиги жана ИИМдин Республикалык окуу боборунун начальниги милициянын полковниги К. Кадыркулов Түркия Республикасынын ИИМдин  Жандармения жана жээк күзөтү академиясынын командири генерал-лейтенант Нух Көроолу баштаган окуу жайдын кызматкерлери менен онлайн байланышта жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууну КР ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариэль Абитов ачып, Түркияда болгон жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңул айтты.

Андан соң тараптар ички иштер органдары үчүн кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин дистанттык окутуу, жана эки окуу жайдын ортосунда узак мөөнөттүү келишим түзүү тууралуу баарлашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы менен Түркия Республикасынын ИИМдин  Жандармения жана жээк күзөтү академиясынын ортосунда илимий изилдөө жана укук коргоо органдары үчүн адистерди даярдоону уюштуруу жаатында эки тараптуу кызматташууну мыйзамдаштыруу процессин баштоого даяр экендиктерин билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *