Милиция кызматкери ар тараптуу, шыктуу жана жөндөмдүү болуусу анык. Андыктан болочок укук коргоо кызматкерлерин дайындоодо ИИМдин Академиясы талыкпаган эмгек жумшап келет. Курсанттарды кесипке дайындоодон сырткары, дагы башка кесиптин ишмердүүлүктөрү менен жакындан тааныштыруу иш-чаралары уюштурулуп турат.

🚒Бул жолу Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 2-курсунун курсанттары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти.

🧑🏻‍🚒Экскурсия учурунда курсанттарга кызматтын иш тартиби, жоопкерчиликтери жана милдеттери тууралуу айтып беришти. Андан соң адамдарды, мүлктү жана табигый байлыкты өрттөн сактоочу техникалык каражаттар менен тааныштырышты. Ошондой эле өрт өчүрүүчү унааларды сыртынан жана ичинен карап чыгып, өрт өчүрүүчүнүн кийимин жана каскасын кийип көрүштү.

📍Өрт өчүрүүчүлөр менен жолугушуу кызыктуу жана эң негизгиси тарбиялык маанайда өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *