1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү тарабынан атайын лекция уюштурулду.

🧑🏻‍⚕️👨🏻‍⚕️Лекцияны Саламаттык сактоо министрлигинин Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун врач эпидемиологдору Аман Таалайбеков менен Кыдыкбаева Каныкей жогоруда аталган жугуштуу оорулар боюнча маалымат беришти. Анда чакырылган өкүлдөр СПИД жана ВИЧ илдеттерин алдын алуу, сактануу эрежелерин жана ооруга кабылганда аткарылуучу аракеттер боюнча айтып беришти.

🔬Ошондой эле саламаттыгын аныктоо максатында каалоочулар атайын тест тапшырышты.

📍Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *