Бүгүн өлкө боюнча билим берүү кызматкерлеринин күнү белигиленүүдө. Бул майрамдык датага карата курсанттар дыкат даярдык көрүп, билим берген ар бир эже-агайына ыраазычылык билдирип, чакан салтанаттуу кече уюштурушту.

Майрамдык иш-чара окуу жайдын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитовдун куттуктоосу менен башталды.

“Ардактуу биздин профессордук-окутуучулук курам! Сиздерди билим берүү кызматкерлеринин күнү менен жалпы өздүк курамдын атынан жана өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктайм!

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мугалимдер менен байланыштуу эмеспи.

Сиздер элибиздин коопсуздугун, укуктарын коргоп тынчтыгын сактай турган милиция кызматкерлерин дайындап келе жатасыздар.Бүгүнкү күндө сиздер окуткан курсанттар жана студенттер өлкөбүздүн анын ичинде Ички иштер органдарынын ар бир тармагында ийгиликтүү кызматын өтөп келе жатышат. Буга сиздердин салымыңыздар зор!

Академиядан ардактуу кесиптин ээси болом деп келген, ар бир курсантка жана студентке жан-дилиңер менен илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн сиздерге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Келечек муундарыбызга сапаттуу билим берүүдөн талбаңыздар. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм!”- деген калоо тилегин билдирди.

Андан соң курсанттар ыр, бий, саханалаштырылган өнөрлөрүн жана атайын арналып жазган ыр саптарын тартуулашты.

Бүгүнкү күндө ИИМдин Академиясында 12 кафедра билим берүү тармагын түзүп келет. Анда жүздөн ашуун  окутуучулар болсо, отузга жакыны илимий даражага ээ. Тагыраак айтканда илимдин кандидаттары жана докторлору.

Аталган майрамдык иш-чара Уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *