7- декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы старт алды.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өтүп жаткан фестивалды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачты.

Иш-чарага ИИМдин Академиясынын 1-2-курсунун студенттери жана курсанттары кураторлору жана курстук офицерлери менен бирге күбө болушту.

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалындагы бардык спектаклдер 6 күн бою акысыз көрсөтүлүп, 12-декабрда салтанаттуу жыйынтыкталат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *