ИИМдин Академиясынын уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү билим алып жаткан курсанттардын мекенчилдик сезимин курчутуу жана улуттук баалуулуктарга тарбиялоо максатында жолугушууларды уюштуруп келүүдө.

Бүгүн, 27-сентябрда окуу жайдын ардагери, көп жылдар бою Академиянын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келген, Тилге даярдык кафедрасынын мурдагы башчысы филология илимдеринин кандидаты милициянын отставкадагы полковниги Чынара Кадырова менен курсаттар жолугушту.

Адагер курсанттарга “Манас” эпосу. Билим, даанышмандык, каада-салт тарбиясы” темасынын арлкагында маек өткөрдү.

Ушул эле күнү ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо

башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жана укук колдону тажрыйба башкармалыгынын кызматкери Музатай Байзаков курсанттарга жол кыймылынын эрежелерин сактоо багытында теориялык сабак өткөрдү.

Анда, жаш курсанттарга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ЖКККББнын жалпы ишмердүүлүгүн жана аткарган функцияларын тааныштырып, жол эрежелерин сактоо багытында видео тасма көрсөттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *