Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бюджеттик негиздеги күндүзгү билим берүү факультетинин 4-курсунун курсанттары теориялык билимин бекемдөө жана тажрыйба топтоо максатында мамлекеттик практикага жөнөп жатышат.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/01/421842014_18018220985042063_4189586467210867079_n-1024x768.jpg)
Бүтүрүүчү курстун курсанттарына ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басарлары милициянын полковниги Нурия Маматазизова жана милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов мамлекеттик практика алдында нускамаларды өткөрүштү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/01/421843557_18018221006042063_2190892745140663616_n-1024x768.jpg)
Нурия Маматазизова курсанттарды Ички иштер министринин буйругу менен таанышытырып, андагы курсанттарга тиешелүү пунктарды так жана туура аткарууну талап кылды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/01/421905683_18018221024042063_3480257591326280174_n-1024x768.jpg)
Кылыч Кадыркулов курсанттарга өзүн алып жүрүү эрежелери, талаптары, милдеттери тууралуу нускамаларды берип, практиканы үлгүлүү өткөрүп келүүнү каалады.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/01/421926092_18018220997042063_3551603520622011806_n-1024x768.jpg)
Курсанттардын мамлекеттик практикасы, өздөрү келген аймактарда ички иштер бөлүмдөрүндө 2024-жылдын 5-февралынан 26-апрелине чейин өтөт.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/01/421890512_18018221033042063_8783138667387684968_n-1024x768.jpg)
Аларга 3 жылдан аз эмес иш тажрыйбасы бар кызматкерлер насаатчы катары бекитилип, мамлекеттик окуу программасынын негизинде жүргүзүлөт.