2023-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу жана магистратура факультетинин Ош шаарындагы факультеттер аралык кафедрасынын  1-курсунун студенттери «Прокурордук көзөмөл” сабагынын алкагында Ош областык прокуратурасында болуп, аталган бөлүмдүн ишмердүүлүгү менен таанышышты.

            Сабактын жүрүшүндө студенттер «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» жана «Укук бузуулардын бирдиктүү реестрлери» боюнча керектүү маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары боюнча башка маалыматтарды ала алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *