Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасы тарабынан Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин  1-курсунун студенттери арасында “Коррупциянын коомго тийгизген таасири” темасында эссе-сынак уюштурулуп, өткөрүлдү. Аталган сынакта 1-курстун студенти Асылбекова Акберметтин эссеси мыкты деп табылды.

“Коррупциянын коомго тийгизген таасири”

  Коррупция- мамлекеттин дат басышы жана булганышы. Менин көз карашым боюнча, коррупциянын мамлекеттин ичинде болушу мамлекеттин жоктугу деп түшүнөм. Ал эми мамлекеттин коррупцияга малынып жок болуп кетүүсү, өтө аянычтуу. Коррупция мамлекеттин саясий жана жарандык институттарына терс таасирин тийгизип, өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө олуттуу коркунучтарды туудурат. Мен Кыргызстандын жараны болуп, өз мамлекетимдин кандай абалда экенин көрүп, билип туруп, ушул коррупция туралуу оюмду жазып турам.

 Коррупцияны мен вируска салыштыргым келип турат, себеби вирус адамдардын ден соолугун кандай талкаласа, коррупция дал ошондой мамлекетти жок болушуна чейин алып барат. Эӊ эле аянычтуусу, вируска каршы даары табылып, ал эми ушул коррупцияга каршы “даарынын” жоктугу. Ооба, коррупцияга каршы иш-чаралар аткарылып келет, бирок натыйжалуулугу көрүнбөйт. Ар бир өлкөнүн өзүнчө бир коррупцияга каршы атайын механизми бар, бирок ал ыкманын дагы өзгөчөлүгү саясий жана экономикалык туруктуулуктан гана эмес, элдин үрп- адат, каада- салттарынан жана ошондой эле калктын укуктук маданиятынын деӊгээлинен көз каранды. Муну менен коррупцияга каршы турууда коомдун ролу эӊ жогору.  Улуу инсан Исхак Раззаков атабыз “Сен таза болсон, мен таза болсом – коом дагы таза болот” деп бекеринен айтпаптыр, мамлекеттин, коомдун тазалыгы биринчи сенден жана менден башталат. Албетте, беш кол теӊ эмес, баардыгын бирдей кыла албайбыз, бирок абийири, намысы биринчи орунда турган инсандарыбыз бар, тилекке каршы, андай инсандар дагы коп кездешпейт, мен ойлойм эгер бийликке келген инсандар өзгөчө чоӊ жоопкерчилик мойнунда экенин түшүнүп, алдында кандай сыноолордон өтүүгө көзу жетип турган адамдар, инсандар келчү болсо, мамлекетибиз бат эле бутуна туруп кетет деп ойлойм.

Менин таӊ калганым, эмне учун ушунчалык бай ресурстарыбыз, мен-мен деген инсандарыбыз бар ошолор менен биз дуйнолук аренага чыга албайбыз? Бул маселени жоюууга болот “ манжалар биригип,бир муштумду тузөт” эмеспи, бул үчүн чоӊ аракеттерди, иштерди жасоо керек. Ал эми бул иш- аракеттерди жасоо үчүн, мамлекетке мыкты делген инсан жарандар керек, ал учун мен жогоруда айтып кеткен сапаттары бар адамдар болуусу чоӊ мааниге ээ.

Мен Кыргызстандын жараны болуп, келечектеги юрист катары, мен коррупция жолуна бөгөт коюп, мамлекетиме кичине болсо дагы жакшы жагынан таасир көрсөтүп, мамлекеттин мындан ары жашап кетуусунө жардам бергим келет. И.Раззаков атабыздын дагы бир айткан ою бар- “Намыстуу болсон, жеӊишин арбын болот”- дал ушул сөзү мага чоӊ күч тартуулап турат.

Коомдогу көйгөй- коррупция, ооба, коррупциянын мамлекетке тамыры кеӊири жайылып бара жатат, анын артында чоӊ кесепеттер, көйгөйлөр жаралууда. Билим жаатында аксоолор болуп жатат, бул өтө глобалдуу маселе. Адамдардын аӊ-сезими, дуйного болгон көз карашы, такыр башка терс тарапка өзгөрүүдө, кичине маселе катары гана көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында келгенде коррупциянын боло берүүсүнө ушул маселелер чоӊ таасирин тийгизет.

Менин жеке оюм боюнча, коррупцияны жок кылууга төмөндөгүдөй иш-чараларды колдонууга болот:

1) Билим жаатына өзгөчө маани берүү;

2) Дисциплинаны колго алуу;

3) Тарбиялык иш-чаралардын болуусу, тарбиялык сааттардын өтүлүүсү;

4) Кыргыздардын менталитетин, кандайдыр бир салттарын көзөмөлгө алуу;

5) Салыштырмалуу өнүгүү процессине көӊүл буруу, ошону колдоого алуу.Мисалы: ( Сингапур мамлекетинин кандай жолдор менен таза, эӊ алдынкы мамлекеттердин бири болуусу) ушуга карата иш жүргүзүү;

6) Аӊ- сезимди тарбиялоо; ж.б

Келечек өзүбүздүн колубузда, мен ишенем эгерде ушул ыкмалар менен кошумча колдонсок Кыргызстан мамлекет душманы болгон коррупциядан арылып, таза, өнүккөн мамлекетке айланат. Бул нерсеге жетүүгө мен да болгон аракетимди кылып, болгон күчүмдү жумшайм.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *