2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасы тарабынан Күндүзгү билим берүү факультеттеринин 4-курсунун курсанттарын, студенттерин мамлекеттик практикага даярдоо максатында жана Квалификациясын жогорулатуу борборунун алгачкы даярдык курсун аяктап жаткан угуучуларга «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасын пайдалануу боюнча конок лекциясы уюштурулду.  

Лекцияны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын  статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын кызматкерлери өткөрдү.

Прокуратуранын кызматкерлери аталган система укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын арыздарын каттоо анын процессуалдык эрежелери, мөөнөттөрү жана көзөмөлдөө иш-чараларын жургүзүлүшүн электрондук түрдө көрсөтүп беришти.

Бул система өз кезегинде жарандардын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүңүн ачык-айкын иш алып барып жаткандыгынан күмөн жаратпайт – дешти лекторлор.

Ал эми курсанттар, студенттер менен угуучулар теманын учурдагы маанилүүлүгүн айтып жеткиликтүү түшүндүрүп бергендери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *