2023-жылдын 5-октябрында ИИМдин Академиясынын акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин 1-курсунун студенттеринин ата-энелеринин чогулушу өткөрүлдү.


Жыйынга ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов, Окуу инспекциялык башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Назира Абдымомунова, Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын майору Жылдыз Шаакеева, Кадрлар бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Азамат Ажигулов, Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин башчысы милициянын подполковниги Бермет Ниязбекова, Уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөнүн тескөөчүсү милициянын майору Эльвира Артышева катышышты.



Академиянын жетекчилигине жана кызматкерлерине ата-энелер ар кыл суроолорун берип, сунуштарын айтып каалоо тилектерин да айтып өтүштү.

Көпчүлүк ата-эне окуу процесси, акы төлөө боюнча жана окууну аяктагандан кийинки балдарынын тагдырына байланыштуу суроолорду беришти.

Залга толгон ата-энелер окуу жайдагы тартиптин бекемдигине баасын берип, өсүп келе жаткан муунга дал ушундай тартипте билим берүү керектигин баса белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *