2-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына 2011-жылы бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү келип, курман болгон курсташтары Никита Кущ менен Эдил Такырбашевдин элесине арнап куран окутушту. Иш-чарага курман болгон курсанттардын энелери, жакындары да катышты. Жалпы курсташтарынын атынан каза болгон курсанттардын энелерине материалдык жардам көрсөтүлүп, 1-2-курстун курсанттарына түштөндүрүү уюштурулду.

            Андан соң,  бүтүрүүчүлөр КР ИИМдин Академиясындагы “Бүтүрүүчүлөр аллеясына” балаты отургузушуп, Академиянын музейи менен да таанышып чыгышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *