2023-жылы 28-ноябрында Интерполдун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков жетектеген делегациясы Башкы Ассамблеянын 91-сессиясына жана уюмдун 100 жылдык мааракесине катышты.

Венадагы Интерполдун Башкы Ассамблеясынын 91-сессиясы 1-декабрга чейин уланып, а уюмга мүчө 190дон ашык өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогултат.

Ассамблеянын сессиясы 1923-жылы Венада негизделген уюмдун 100-жылдык түзүлгөндүгүнүн арналган.

28-ноябрдан 1-декабрга чейин өтө турган төрт күндүк конференцияда дүйнө жүзүндөгү полиция башчылары учурдагы жана пайда болгон коркунучтарды, анын ичинде трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун олуттуу өсүшүн талкуулашат.

Белгилей кетсек, КР ИИМдин түзүмүндө Интерполдун Улуттук борбордук бюросу (УБК) 1997-жылдын 18-июлунда түзүлгөн.

Интерпол эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биздин өлкөнүн укук коргоо органдарынын башка мамлекеттерден келген чет өлкөлүк кесиптештери менен маалымат алмашууну камсыз кылат.

Интерпол кылмышкерлерди издөөдөн тышкары, дайынсыз жоголгон адамдардын, уурдалган унаалардын, маданий мурастарга каршы кылмыштардын, каржылык жана кибер кылмыштардын ордун аныктоо менен алектенет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *