Үстүбүздөгү жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Аталган иш-чара Жазык-процесс кафедрасы тарабынан уюштурулган.

Оюн бекитилген жобого ылайык, “Командалардын саламдашуусу”, “Реактивдүү оюн” жана “Капитандар таймашы” деген үч этаптан туруп, анда Күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун командалары катышкан.

Оюндун жыйынтыгында эң көп упай топтогон “Честь и достоинство” командасы биринчи орунга, эки упай менен артта калган “Законность” командасы экинчи орунга ээ болду.

Жеңүүчүлөр грамота жана чакан белектер менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *