2023-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтчасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктерине жана орун басарларына Академиянын Аскердик мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун кызматкерлери машыгуу сапка даярдык сабагын өткөрүштү.

Андан соң Аскердик жана атайын- тактикалык даярдык кафедрасынын начальниги тарабынан Калашников автоматынын жана Макаров тапанчасынын материалдык бөлүгү боюнча сабак өтүлүп, ошондой эле Калашников автоматын жана Макаров тапанчасын толук эмес чачуу жана кайра чогултуу тартиби көргөзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *