2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясында кыргыз милициясынын тузүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына  карата Коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасы тарабынан  “Кыргыз милициясынын тарыхы” темасында илимий-практикалык конференция уюштурулуп, өткөрүлду.  

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов, ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары ю.и.д., милициянын полковниги А. Джоробекова, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагери, ю.и.д., отставкадагы милициянын генерал-майору Т. Асаналиев, ИИМдин “Генералдар клубунун” төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору С. Дубанаев, ИИМдин Академиясынын ардагери ю.и.к., А. Мавлянов, КР ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары милициянын отставкадагы подполковниги А. Бегалиев, Улуттук илимдер академиясынын “Тарых жана маданий мурас”  институтунун илим изденүүчүсү, отставкадагы милициянын подполковниги К. Бокоев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргызстан Эл  аралык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин өкүлдөрү жана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Конференцияны саламдашуу сөзү менен ИИМдин Академиясынын  начальниги, милициянын полковниги Т. Абитов ачып, алдыда келе жаткан 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады. .

Андан соң, илимий иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз милициясынын тарыхындагы эң орчундуу мезгилдерине токтолуп, баяндама жасашып, алар кызуу талкууланып, милиция мамлекеттин маанилүү түзүмдүк органы болгону жана Кыргыз милициясынын түзүлүү күнү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды экендиги баса белгиленди.


          Аягында илимий иш-чаранын катышуучулары ар тараптуу сунуштамаларды беришип, ИИМде жана ИИМдин Академиясында жүргүзүлүп жаткан жакшы ишмердиктерди белгилей кетишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *