2024-жылдын 15-январында ИИМдин Академиясында окуу жайдын түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы белгиленди.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы окуу жай катары өзүнүн жогорку макамына ээ болгон күн.

Окуу жай 1969-жылы ИИМдин милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби болуп негизделип, андан соң 1991-жылы ИИМдин Бишкектеги милициянын жогорку мектеби болуп кайрадан түзүлгөн. Ал эми 2000 -жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен өзүнүн эң жогорку статусуна ээ болуп, кыргыз милициясынын тарыхындагы биринчи милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевичтин ысымы ыйгарылган.

Иш-чара ИИМдин Академиясынын кыскача тарыхын баяндаган тасма менен башталды.

Андан соң башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов өздүк курамды даталуу күн менен куттуктады.

“Татыктуу билим берүүдө жаңы илимий багытарды түзүү, ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын кеңири спектри, башка илимий уюмдар менен тыгыз байланышта болуу, эл аралык кызматташтык, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышуу – мунун баары Ички иштер министрлигинин Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө ишмердүүлүктөрүнө ар кандай тармактарында чоң бийиктиктерге жетүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө алар кесипкөй адистерге, көрүнүктүү жетекчилерге жана окумуштууларга айланып, жетекчилик кызматтарды ээлеп жатышат. Биздин курсанттар, студенттер жана угуучулар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана таланттарын ачууга, келечектеги турмуш жолун аныктоого кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Болочок милиция кызматкерерин дайындоодо ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө жаңы ыкмаларды жана методдорду киргизүү менен тынымсыз алектенип келе жаткан жалпы профессордук-окутуучулук курамга ыраазычылык билдиремин. Жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңар чында эле көрүнүктүү жана олуттуу. Коюлган максаттарга умтулууда пикирлеш адамдардан жана кесипке чындап берилген адамдардан турган ынтымактуу эмгек жамаат болгондо гана ийгиликтер арбыйт. Биздин өздүк курам дал ушундай ынтымактуу, эмгекчил, аракетчил адистерден деп ишеничтүү айта алам. Андыктан ар бирибиз эртеңки күнү уялбастан “Мен окуткан курсант, студент” деп сыймыктануу менен айта алгандай билим берүүгө аракетибизди уланта берели. Сиздерге жаңы ийгиликтерди, кызматтык жана илимий жеңиштерди, турмуштук пландарды жана идеяларды ишке ашыруу үчүн ден соолук жана бакубаттуулук каалайм. Академиябыздын келечеги кең, жолу байсалдуу болсун!”- деди башчы.

Ошондой эле бул күнү айрым кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар тапшырылды.

Майрамдык иш-чара курсанттардын “Саламатсыздарбы биз сиздердин 1-курс” аттуу салтка айланган концерттик программасы менен коштолду.

Академияга окууга өтүп, ыйык антын алып, алгачкы сессияларын ийгиликтүү берип алган кичүү курстун курсанттары өздөрүнүн ар тараптуу таланттарын тартуулашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *