2024-жылдын 23-январынан 27-январына чейин Бишкек шааардык ИИББнын бобордук аппаратынын өздүк курамына, Биринчи май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлерине экстремизмди алдын алуу жана ИИОнун кызматтык тартибин жөнгө салуу  багытында окуу семинары өткөрүлдү.

Семинарда ИИМдин Академиясынын аскердик жана атайын тактикага даярдык кафедрасынын доценти милициянын полковниги Манас Аманбаев “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарындагы кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүндө диндин ролу» аттуу темалар боюнча  атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү аркылуу маалыматтарды берди.

Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө маалымат алмашуу, суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду.

Жалпысынан окуу семинарына  Бишкек ШИИББнин жана райондук ИИБнин 500гө жакын кызматкери катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *