3-декабрь Эл аралык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү. Бул күнгө карата ИИМдин Академиясында алдын-ала даярдыктар көрүлүп, өздүк курам акча каржатын чогултуп, курсанттар ыр, бийлерин камдай башташат.

🔹30-ноябрда курсанттар Красная речка айылындагы балдар интернатынын жана Беловодск айылындагы балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин тарбиялануучуларына концерттик программа тартуулап, белек бечкектерди берип келишти.

🔸«Калкыбыздын аярлуу катмарына өзгөчө көңүл бөлүп, алардын маанайын көтөрүп туруу инсандык жогорку сапаттардын бири. Ошондой эле, келечектин жаштарын тарбиялоодо мындай иш-чаралар жакшы таасирин берет» – деди ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын полковниги Гүлайым Алгочонова.

🔹Ал эми курсанттар аз да болсо бөбөктөрдүн көңүлүн алып, жакшы маанай тартуулагандарына бир эсе кубанса бир эсе кейип, маанайлары түшүп, аларды аяп, кучактап, эркелетип жатышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *