Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында 2023-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Аадемиясында ишембилик уюштурулуп өткөрүлдү.

Ишембиликке окуу жайдын кызматкерлери, студенттери жана курсанттары активдүү катышып, Академиянын имаратынын ичин, тегерегин жана Свердлов акимиаты тарабынан бөлүшүрүлүп берилген аймактарга тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы Факультеттер аралык кафедрасынын кызматкерлери дагы жалпы республикалык ишембиликти колдоп, факультеттин короосуна тазалоо иштерин жүргүзүштү

Жалпы 600 дөн ашык адам катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *