Бүгүн, 2023-жылдын 10-ноябрында Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында 1-курсунунун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин   Академиясынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Тариель Абитов, ИИМдин Генаралдар кеңешинин мүчөлөрү, ардагерлер, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Ата Мекени алдында ант берген 104 курсант, анын ичинен 28 кыз жаш жоокерлердин курсун ийгиликтүү аяктап, элинин алдында салтанаттуу ант берүү ардактуу укугуна ээ болушкан.

Ант берген курсанттарды ички иштер министринин жана өзүнүн атынан Адылбек Бийбосунов куттуктап, окууларына жана келечектеги эмгек жолунда ийгиликтерди каалады.

 “Бүгүн бардыгыбызды  кубанткан, толкундаткан салтанаттуу иш-чаранын күбөсү болуудабыз. Анткени, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин катарын толуктап, Ата Мекенине кызмат өтөйм деген дилгир эр азамттарыбыз жана алардан кем калбаган кыраакы кыздарыбыз элинин алдында ыйык антын беришти. Сиздерди Ички иштер министринин жана коллегия мүчөлөрүнүн атынан чын дилимден куттуктайм!

Милицияда кызмат өтөө дал ушундай ант берүү менен башталат. Ант берүү менен курсанттарыбыз жарандарыбыздын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун, алардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо үчүн жогорку жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Мекен алдында берилген ант сиздердин жүрөгүңүздөрдө түбөлүккө сакталсын.

Бул күн сиздердин жашооңуздардын жаңы этабынын башталышы десем жаңылышпаймын. Эми силер укук коргоо органдарынын катарына кошулдуңар. Бул чоң сыймык жана ишеним гана эмес, жооптуу жана татаал кызмат. Ал эми силердин кызматыңарда дайыма ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Элдин тынчтыгы жана коопсуздугу көп жагынан ички иштер органдарынын ар бир кызматкеринин ишинен көз каранды экенин баса белгилеп кетейин”,-деди министрдин биринчи орун басары.

Адылбек Бийбосуновдун куттуктоо сөзүндө белгиленгендей, бүгүнкү күндө элибиз милициядан оор кырдаалда ыкчам жардам, кылмыштуулукка каршы күрөштө ак ниеттүүлүк жана жөн гана камкордук күтөт. Эл ишеними биздин келечегибиздин ачкычы. Жана дайыма эстен чыгарбоо керек: укук коргоо органдарында кызмат кылуу өз милдеттерин так аткарууну гана эмес, кынтыксыз моралдык сапаттарды жана ар бир чечим үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылат.

“Кызматтык милдеттерди аткарууда чынчыл болуңуздар, мыйзамдын тамгасын так аткарып, кесипкөйлүк, ак ниеттик жана жогорку маданияттуулук кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн негизги куралы экени эсиңерде болсун. Ар бириңиздер өз тандооңуздарды аң-сезимиңер менен жасадыңыздар, андыктан кыйынчылыктарга карабастан, ар дайым жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндиктерин ар-намыс жана абийир менен коргойсуздар деп ишенем.Ошондой эле бул жерде өзгөчө кубанычка толуп турган ата-энелерге, дал ушундай мекенчил жаштарды тарбиялап өстүргөнүңүздөргө терең ыраазычылык билдирем. Биз сиздерден салтанаттуу иш-чаранын алдында эстафетаны колго алып, ар бир улан-кызга камкордук көрүп, мыкты кесипкөй инсан кылып тарбиялап, төрт жылдан соң окууну ийгиликтүү аяктап, алгачкы офицердик наамы жана менен куттуктоо үчүн бул жерге дагы чогулабыз деп ишенем.

Дагы бир жолу ант беришиңер менен куттуктайм!”, -деп сөзүн жыйынтыктады ИИМ башчысынын орун басары Адылбек Бийбосунов.

 Андан соң ардагерлер жана курсанттардын ата-энелери куттуктоо сөздөрүн, аруу-тилектерин айтышты. ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Академисяын өз кезегинде жетектешкен милициянын генералдары Тилек Асаналиев, Бексултан Ишимов, Жеңишбек Джакипов, Абдукапар Мавлянов жана Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, келечектеги укук коргоо кызматкерлерине улуу муундун өкүлдөрүн татыктуу алмаштырып, окууларына ийгиликтерди каалап, мамлекетибизге ак кызмат кылуу керектигин баса белгилеп айтышты.

Бул күнү салт боюнча Эргеш Алиев атындагы фонддун төрагасы Аскар Бектемиров окуу жылында өзгөчөлөнгөн курсанттарга стипендияларды тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Бүгүнкү майрам чындап эле көптөгөн конокторду чогултту. Биринчи курстун курсанттарынын жакындары жана достору Кыргызстандын булуң-бурчунан келишти. Алардын баары курсанттардан кем эмес толкунданып, эрезеге жеткен улан-кыздардын салтанаттуу журуш менен басып өтүшүнө сыймыктануу менен карап, анан аларды жылуу куттуктап, кучактап, эскерүү үчүн сүрөткө түшүп, окуу жайдын офицерлери жана окутуучулары менен баарлашып жатышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *