Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын адеп-ахлактык-руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык ИИМдин Академиясынын өздүк курамына, ар жума сайын, кыргыз таануучу, “Бакдөөлөт” коомунун директору М. Мураталиев “Кыргыздын элита теориясы”, “Атуулдук милдет”, “Улуттун уулу болуу”,  “Мамиленин жашоодогу орду”, “Кут. Кутту уютуу” жана “Демдин күчү, улуттун деми” темаларында лекция окуп, элибиздин улуттук аң-сезим, акыл-эс, туюмсезимине дал келген, үрп-адат, салт-санаа, таалим-тарбия жөнүндө, улуттук баалуулуктарга таянган жана аны негиз туткан салттуу руханий-нравалык, адеп-ахлактык, моралдык нормалар тууралуу маалымат берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *