2023-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы Факультеттер аралык кафедрасына ИИМдин Күзөт кызматынын, Атайын багыттагы полкунун, ЖКККББнын, Баткен, Жалал-Абад, Ош ОИИБнын жана ОшШИИБнын, ШРИИБНнын Нөөмөт бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору, инспекторлору чеберчилигин жогорулатуу курсуна келишкен. Факультеттер аралык кафедрасынын начальниги милициянын полковниги Т. Болтаев тарабынан келген кызматкерлерге кызматтык тартипти сактоо, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, кызматтык кийимди кийүү эрежесин бузбоо тууралуу нускама өткөрүлүп саптык кароо жүргүзүлдү. Саптык кароодо аныкталган кемчиликтерди жоюуга тийиштүү көрсөтмөлөр берилди.

Ошондой эле аталган кафедрада   ишембилик болуп, өздүк курам тарабынан имараттын тышкы айланасын тазаланып, дарактардын жалбырактары, таштандылар алынып, арыктар тазаланып, эски куураган бактардын бутактары кесилип, түптөрү акталып  ирээтке келтирилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *