Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү тарабынан “Тилимпоз” долбоорунун жетекчиси Нурдинов Тилек жана долбоордун мүчөсү Масалбеков Нуркалый менен студенттердин  жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушууда “Тилимпоздун” өкүлдөрү мамлекеттик тилдин макамы, баалуулугу жана орду тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Ошондой эле күнүмдук жашоодо кыргыз тилинде сүйлөө же жазууда кетирип жаткан каталар тууралуу мисалдарды келтирип, туура жазуу жана айтуу эрежелин да түшүндүрүп өтүштү. Студенттер талкууларга активдүү катышып, кызыктырган суроолоруна жоопторду ала алышты.

Ал эми ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова студенттерди мекенчилдикке тарбиялоого кошкон салымдары жана жаштар арасында интеллектуалдык, маданий, адабий кечелерди уюштуруп, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошуп келе жаткан зор салымдары үчүн “Тилимпоздун” өкүлдөрүн “Ыраазычылык кат” менен сыйлап, мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө боюнча тилектерин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *